• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстанда бетон плита кулап, 6 студент жабыркады

5 Аяк оона 20239:07 Бишкек Govori.TV

Самарканд мамлекеттик университетинин Каттакурган филиалынын  залында шыптын бетон плитасы кулап, алты студент кыз жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Gazeta.uz жазгандай, окуя 4-сентябрь күнү эртең окуу жылынын башталышына арналган иш-чара өтүп жатканда болгон.

Учурда адистер курулуш иштеринин жана имараттын капиталдык ремонтунун сапатын иликтеп жатышат. Райондук прокуратура тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Имарат 2008-жылы пайдаланууга берилген. Ал башында мектеп болгон. 2021-жылы университеттин филиалы катары өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 87