Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Карши шаарында жаңы төрөлгөн баланы желим баштыкка салып, тепкичтин астына таштап коюшкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
26-мартта социалдык тармактарда тепкичтин астынан баштыкка салынган ымыркай табылганы тартылган видео тараган.
Маалыматка ылайык, окуя Карши шаарындагы ооруканалардын биринде болгон.
Видеодо укук коргоо органынын кызматкери жуурканга оролгон баланы желим баштыктан алып чыгып жатканы тартылган. Ымыркайдын апасы ким экени азырынча белгисиз.
Буга чейин Самарканддагы көп кабаттуу үйдүн кире беришинен жаңы төрөлгөн эгиздер табылганы маалымдалган.
Эгиз кыздарды кире беришке аял таштап кеткен. Анын бул аракети видео көзөмөл камерасына жазылып калган.