• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстанда жарандарды Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убадалагандар кармалды

9 Бирдин айы 2024 17:17 Бишкек Govori.TV

Анжиян облусунда жарандарды Мексика аркылуу Америка Кошмо Штаттарына иштөөгө жөнөтөбүз деп убадалаган эки адам кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө миграциялык агенттикте иштейт делген тааныштарынын жардамы менен АКШга жиберем деп «кардарынан» 15 миң доллар алып жаткан жаран кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ушул эле иш боюнча дагы бир жаран шектүүдөн 6 000 доллар алып жаткан учурда колго түшкөн.

Бул жагдайга байланыштуу «Алдамчылык» жана «Пара берүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Былтыр «Озодлик» радиосу Гватемала, Никарагуа жана Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарынан турган жүздөгөн мигранттын тагдыры тууралуу иликтөө жарыялаган.

Тасманын каармандарынын арасында ээн токойлорду аралап, ачка жүргөн, крокодил толо дарыяларда өмүрүн тобокелге салып, каракчыларга уурдалып, туткунда жашагандар бар. Бул тасманы «Оздоликтин» YouTube каналынан көрүүгө болот.

Количество просмотров: 113