• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстанда Дарыкана түйүндөрүн өнүктүрүү агенттигинин башчысы кармалды

10 Бирдин айы 202316:07 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Дарыкана түйүндөрүн өнүктүрүү агенттигинин башчысы Сардор Кариев жана анын бир нече шериги кармалды.

Өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги алар «Док-1 Макс» жана «Амбронол» сиробун ичкенден кийин бөйрөгү сезгенип өлгөн балдардын ишин иликтөөнүн алкагында кармалышканын маалымдады.

Иликтөөнүн жүрүшүндө көптөгөн каржы кемчиликтери, бюджеттик акчаны колдонуудагы талаптардын бузулушу аныкталган.

Буга чейин Өзбекстанда «Док-1 Макс» препаратын ичкенден кийин 20 бала чарчап калганы ачыкка чыккан. Ушул тапта бир катар тиешелүү мекемелердин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Эльмира Баситханова жабыркаган үй-бүлөлөргө кенемте төлөп берүү жагы каралып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 139