• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кафе-ресторандарда иштегендер нааразычылык акцияга чыгышты

29 Аяк оона 2020 18:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-сентябрда кафе-ресторандарда иштеген жарандар мэрия менен Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдында нааразылык акциясына чыгышты.

Акцияда ресторандарда иштеген ашпозчу, официант жана башка жумушчулар жарым жылдан бери пандемияга байланыштуу жумушсуз отурганын айтышты. Алар менен жолугушууга мэриядан эч ким чыккан эмес.

«Бүгүнкү күндө базарлар, автобус-троллейбустар, бардык эле эл чогулган жерлер тоскоолдуксуз иштеп жатат, ал эмес шайлоодо үгүтчүлөр стадиондорго миңге жакын адамды чогултуп жүрүшөт. Эгер элдин ден соолугун ойлошсо, анда мунун баарын жабыш керек болчу.«Жарым жылдан бери Бишкекте 5000ге жакын адам жумушсуз отурат, бизди дагы түшүнүшсүн»,-деп билдирди акциянын катышуучусу.

Белгилей кетсек, ушундай эле акция бүгүн Талас шаарында да өткөн. COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Кафе-ресторандарга той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Количество просмотров: 129