«Улуттук энергохолдинг» ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды.
Ишкананын басма кызматынын маалыматы боюнча, мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп жаткан.
Маалыматка ылайык, аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди.
Электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга жол бербөө тууралуу буйрук «Түндүкэлектро»,»Чыгышэлектро», «Ошэлектро» жана «Жалалабатэлектро» ишканаларына да жиберилди.