• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кафе-ресторандар айыпка жыгылды

9 Теке 202117:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында бир нече кафе, ресторан, дүкөндөрдүн администрациялары санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн айыпка жыгылышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиршит.

Маалыматка ылайык, Шаардык санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери күндүз дүкөн, соода борборлорду, ал эми кечкисин жана түндө кафе-ресторандарды кыдырып текшерүүдө.

Айыпка жыгылган объектилер:

  • «Империя пиццы»;
  • Beef Burgers;
  • «Савор»;
  • «Каганат»;
  • «Центр плова»;
  • «Киана»;
  • «Кебаб хаус»;
  • «Этилер»;
  • «Ак-Бата»;
  • «Даамдуу»;
  • «Буржуй»;
  • Pascal;
  • «Граф»;
  • Fresh box («Вефа» соода борбору);
  • «Хан Теңири»;
  • «Белек»;
  • «Палаццо»;
  • «Народный» гипермаркети;
  • «Вефа» соода борборунда жана Жал-23 кичи районундагы Rody Mood дүкөнү;
  • Dota компьютердик клубу.
Количество просмотров: 157