«Кара-Балта шаарынан адам өлтүрдү» деген шек менен издөөгө алынган жаран Казакстанга качып баратканда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде саат 22:40тар чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Коммунист көчөсүндө жайгашкан «Алладин» караоке-кафесинде 27 жаштагы Ж.Ж.И аттуу жарандын сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
«Кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган. Ал бүгүн, 5-апрелде болжол менен түнкү саат 3:00дө кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» пунтктунан өтүп баратканда кармалды. Шектүү Сокулук районунун 32 жаштагы тургуну А. уулу Б. экени аныкталып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери уланууда.