• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Уурулук. 80 миң сом

6 Аяк оона 202414:26 Бишкек Govori.TV


Бишкекте уурулукка шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнен билдирди.

Кылмыш иши 1-сентябрда Ак-Ордо жаңы конушунда болгон. Эртең менен саат 05:00дөр чамасында үй ээлери уктап жатканда уурулар үйгө кирип, iPhone 13Pro үлгүсүндөгү 80 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап, качып кетишкен.

Милиция кызматкерлери 25 жаштагы М.Д. 25 жаштагы Д.Д. аттуу адамды кармашкан. Сот тарабынан шектүүлөр 23-сентябрга чейин тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерге катыштыгы текшерилүүдө.

Количество просмотров: 111