• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кафедеги мушташ: 3 адам милицияга жеткирилди

16 Баш оона 2023 10:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы кафелердин бириндеги мушташ боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-август күнү милицияга О.Р. аттуу жаран арыз жазып, Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, күч колдонуп, денесине залал келтиргендигин билдирип чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына 1993-жылы туулган М.С., 1998-жылы туулган М. Э. жана 1995-жылы туулган М. Э. жарандары жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бардык зарыл экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа берилет»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 108