• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

8 Бугу 202013:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Панфилов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү бүгүн саат 10:17де түшкөн.

«Тилсиз жоо тартылган күчтөрдүн жардамында саат 10:38де чектөөгө алынып, саат 12:00дө толук өчүрүлдү. Куткаруучулар өрттү жанаша жайгашкан обьектилерге жайылып кетүүсүнө жол беришкен жок», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 227