• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кайгуул кызматкерлери менен мушташкан кыздардын видеосу тарады  

29 Бугу 2022 14:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ынтымак паркынын жанында кыздар кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга кол көтөрдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ч.Айтматов жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей, ал жерде унаа кыймылын кайгуул кызматкерлери жөнгө салып жаткан.

Айдоочулар кайгуул кызматкерлерине унаа кыймылына тоскоолдук жараткан кайырчыларды жолдон алууну өтүнүшкөн. Бирок, кайырчылык менен алектенген кыздар аларды укпай, кызматкерлерге кол салып, ур-тепкиге алышкан.

Кийин кыздар Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Количество просмотров: 14402