• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кафеде алып баруучуга кол көтөргөн Илимбек Исраиловду милиция кармады

25 Бештин айы 20247:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тойканалардын биринде иш-чаранын алып баруучуларын микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов милицияга жеткирилди.

Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милиция ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренесине ылайык административдик камакка алынганын, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасында кармалып турарын кошумчалады.

Ага каршы ресторандын администратору арыз жазган.

25-декабрда социалдык тармактарда бир адам микрофон менен алып баруучу эркек кишини, андан кийин анын жанында турган кызды да чаап жибергени тартылган видео тараган. Коомчулукта иш-чаранын алып баруучуларын чапкан адамды жазага тартуу талабы айтылууда.

«Ырыс алды ынтымак» аталышындагы фейсбук-кечесинде тамадалык кызматты УТРКнын алып баруучулары Керемет Сабыржанова менен Чыңгыз Рыскелдиев аткарып жатышкан. Ортого чыккан Исраилов алгач алып баруучу баланы андан соң мырзаларды жардамга чакырган алып баруучу кызды микрофон менен башка чаап салган.

Илимбек Исраилов Азаттык, Кактус, Kloop сайттарына, журналисттерге жана бейөкмөт уюмдарга каршы митингдердин жана нааразылык акциялардын уюштуруучусу жана катышуучусу катары белгилүү. Исраилов эки ирет сот жообуна тартылган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп акцияга чыгып жүргөн.

Количество просмотров: 394