Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлери бейбаштыкка айыпталган шектүүлөрдү кармашты.
Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 2025-жылдын 24-сентябрында саат 20:10 чамасында Садыгалиева жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Милицияга кайрылган жаран ага белгисиз адамдар кол салып, денесине залал келтирип, унаасынын арткы айнегин талкалап салышканын айтып, арыз жазган.
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2000-жылы туулган Э.Э. жана 1986-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар аныкталып, тергөө кызматына алынып келинген.
Шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.