• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кошунасын атам деп коркутуп». Милиция мылтыкчан адам менен сүйлөшүү жүргүздү

4 Жетинин айы 202512:19 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук милициясы Жумушчулар шаарчасында болгон ок чыгаруунун чоо-жайын маалымдады.

30-октябрда болжол менен саат 14:50дө милицияга Базарная көчөсүнүн тургунунан чакыруу келип түшкөн. Анын айтымында, мас кошунасы аны атып өлтүрөм деп коркуткан. Мындан тышкары бейбаш эки жолу ок чыгарган.

Ал үйүнө бекинип алган, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлер куралчан адам менен сүйлөшүп, багынууга көндүрө алган. 1974-жылы туулган жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары жүрүп жатат

Количество просмотров: 294