• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Кайнар» рестораны кайрадан эреже бузуп, куран окутту

26 Баш оона 2020 15:30 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Кайнар» рестораны кайрадан санитардык эрежени бузганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматкакараганда, тойкана бул жолу дагы көп кишинин катышуусунда куран окутуп, санитардык нормаларды сактаган эмес.

Октябрь райондук акимчилигинин тиешелүү кызматтары массалык иш-чарага күтүүсүз кирип барып, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин («Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу») негизинде протокол түзүшкөн.

«Урматтуу ишкерлер, рестораторлор! Бишкекте вирус жоголо элек, элдин өмүрүн оюнчук көрбөңүздөр. Жоопкерчилик бардыгына бирдей болушу керек. Ошондой эле шаардыктардан конокко барып, той-аш өткөрбөй турууну суранабыз», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Кошумчалай кетсек, ресторан буга чейин үч ирет массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн айыпка жыгылган.

Количество просмотров: 211