• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кайра шайлоо: БШК Самаковду жеңүүчү деп тапты

21 Аяк оона 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Кечээ кабыл алынган чечимге ылайык, шайлоодо 5 миң 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңди деп табылды.

Шайлоо учурунда 33 арыз-даттануу түшкөн. Анын ичинен жумушчу топко жети, ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 26 документ жөнөтүлгөн. Алардын баары каралып, тиешелүү чаралар көрүлгөн жана арызданган тараптарга жазуу түрүндө жооп берилген.

Эске салсак, 10-сентябрда өткөн кайра шайлооонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков 26,17% добуш менен алдыга чыккан. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 19,01%, үчүнчүдө 13,05 % добуш менен Аскар Алмаз уулу.

Количество просмотров: 102