• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кайра шайлоо. Дагы бир талапкерден арыз түштү

11 Жалган куран 2024 11:53 Бишкек Govori.TV

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшө баштады.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Бакир Бакытбектен арыз келип түшкѳн. Ал 1961-жылы туулган, пенсионер.

Белгилей кетсек, бул Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууну каалаган үчүнчү талапкер.

Количество просмотров: 82