• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кайра шайлоо: Эки талапкер арыздарын чакыртып алды

25 Чын куран 2023 13:26 Бишкек Govori.TV

Эки талапкер № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө өз арыздарын чакыртып алышты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Иманкулов Бекзат Муратович менен Шапанов Нурлан Нуркамилович № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин берген өз арыздарын чакыртып алышты.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

КР Президентинин Жарлыгы менен № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалганын эске салабыз.

Количество просмотров: 105