• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кайра шайлоо: Ниязалиева өз дарегине айтылган сындарга жооп берди

29 Бугу 2023 9:38 Бишкек Govori.TV

№26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, баштапкы жыйынтык боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиева өз дарегине айтылган айыптоолорго жооп берди.

Ал 28-майда билдирүү таратып, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду «атаандаштардын каралоосу» катары сыпаттаган.

«Видеодогу жарандардын менин шайлоо штабыма эч кандай тиешеси жок. Бул өз күчүнө ишенбеген оппоненттердин ыплас провокациясы. Буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып, аталган талапкердин аракетине баа берип, мыйзамда каралган чараларды көрөбүз. Видеодогу аялдар милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул ишке укук коргоо органдары чекит коет. Биздин алдын ала маалымат боюнча алардан өздөрүнүн акчасы гана табылган», — деп билдирген ал.

28-майда Ленин шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Дамира Ниязалиева Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдыга чыкты. Ал добуштардын 32,39 пайызын алды.

Количество просмотров: 514