Юрист Бакытбек Автандил абактагы саясатчы Равшан Жеенбеков менен жарандык активист Илгиз Шаменовдун Ленин бир мандаттуу округу боюнча депутаттыкка талапкер болуу конституциялык укуктары бузулганын айтууда.
Белгилей кетсек, экөө тең бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкек СИЗО-1де кармалып жатат.
Адвокаттын айтымында, Илгиз Шаменов менен Равшан Жеенбеков шайлануу укугу бузулууда.
«ЖАМК кызматкерлери жогору жактан буйрук күтүп жатышат. Мен сотко арыз менен кайрылгам, бирок кароо 28-апрелге, башкача айтканда, талапкерликти көрсөтүү аяктагандан кийин дайындалды», — дейт ал.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.