• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кайра шайлоодо талапкерлердин фонддоруна 22 миллион сомдон ашык каражат түштү

15 Бирдин айы 2022 11:17 Бишкек Govori.TV

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддоруна 22 млн 915 миң 975 сом каражат түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 22 915 975 сом акча каражаттары түшкөн.

Белгиленгендей, кайра шайлоого 51 талапкер – № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 26 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 25 талапкер катышууда.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 16 942 968 сом сарпталган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Сверлов жана Биринчи май шайлоо округу боюнча кайра шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-февралына дайындалган.

Количество просмотров: 76