Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен талапкерден арыз түшүүдө.
Маалыматка ылайык, учурда 5 адамидан талапкер болуу ниетин билдирген арыздар келип түшкөн.
БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.
Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.