Алдыда өтө турган кайрадан шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга эки партия алып келди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева билдирди.
Анын айтымында, кайрадан шайлоого катышууга ниетин билдирген эки партиянын бири «Жашылдар партиясы».
Белгилей кетсек, кечээ 21-октябрда БШК кайра шайлоо өтүүчү күндү белгилеген. Маалым болгондой ЖК депутаттарын шайлоо ушул жылдын 21-декабрында өтөт.
Ал арада ЖК депутаттары шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 1-окуудан жактырышты. Анда шайлоо босого чегин 3%га түшүрүү, күрөөнү азайтуу, форма 2ни жоюу сыяктуу маселелер камтылган.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган. 5-октябрда Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.