Govori.TV агенттиги 1-февраль күнү «Кайсы министр жакшы иштейт?» деген сурамжылоо жарыялаган. Анда Министрлер кабинетинин 16 мүчөсүнүн арасында тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Сурамжылоого жалпысынан 8 600 адам катышкан. Анын жыйынтыгында эң көп добуш алып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алдыга чыкты. Андан кийинки орунда Ички иштер министри Улан Ниязбеков болсо, үчүнчү сапты Билим берүү министри Болотбек Купешов ээледи.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин түзүмүндө УКМКдан башка комитеттер жоюлуп, жалаң министрликтер калган. Төраганын төрт орун басары, 15 министр бар.