Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти Жаза аткаруу кызматынын курамынан чыгарылып, КР Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча кызматы — өз алдынча бөлүм болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын төрөгасы болуп А.К. Джанузаков дайындалган.
«Бул өзгөртүүлөр күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда эффективдүү контролду камсыздайт жана аны өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу үчүн ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет», — деп айтылат маалыматта.