• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Талас шаарынын мэриясындагы коррупция фактысы боюнча 3 миллион сом мамлекетке кайтарылды

4 Жалган куран 2023 13:56 Бишкек Govori.TV

Талас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгындагы коррупция фактысы боюнча 3 миллион сом кошумча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарынын мэриясынын ММБда муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Бул кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын кошумча 3 млн сому мамлекеттин кирешесине кайтарылды, ал буга чейин мурда мамлекеттин кирешесине 5 млн сом кайтарылган болчу.

Кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 135