• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мыйзамсыз сатылган «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» мамлекетке кайтарылды

2 Тогуздун айы 202412:23 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кайыңды нан кабыл алуу пункту” мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 3,4 га болгон «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 млн. 82 миң сомдук объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Количество просмотров: 81