• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кактус Медианын» кабарчысы суракка чакыртылды

14 Баш оона 2020 9:42 Бишкек Govori.TV

«Кактус Медиа» порталынын Ош шаарындагы кабарчысы Марат Уралиев ИИМдин Ош облустук башкармалыгына күбө катары суракка чакыртылды.

Маалыматка караганда, Уралиев бир ай мурун тойканадагы мыйзамсыз өтүп жаткан мааракени чагылдырганына байланыштуу суракка чакырылган.

Уралиевдин айтымында, милиция кызматкерлери 14-август күнү саат 10:00гө расмий чакыруу тапшырып кетишти. Ага чейин бир нече жолу телефон аркылуу чакырышкан.

«Азырынча мыйзамсыз аракеттер деле болгон жок. Кечээ түндөсү 22:00дө, бүгүн да эртең менен телефон аркылуу суракка чакырганы эле болбосо… Экөөнө тең айттым, «расмий кагаз менен чакырсаңар барам» деп. Эми мунун зарылчылыгы деле жок болчу. Анткени, биз барган учурда милиция, өкмөттүн өкүлү биз менен чогуу болчу. Видео тасма деле Интернетте турат. Эмне себептен чакырганын түшүнгөн жокмун. Менден башка деле толтура журналисттер бар болчу», — деди Уралиев.

Уралиев жана башка бир топ журналисттер 4-июль күнү Ош шаарына жакын жайгашкан «Баястан» тойканасындагы ондогон адам катышкан мааракени чагылдырышкан.

Бул арада Ош облустук ички иштер башкармалыгы да журналист күбө катары чакырылганын тастыктады.

«Тергөөнүн жүрүшүндө “Баястан” ресторанынын администратору М.А.га 24-июнь күнү Кара-Суу райондук санэпидем станциясынын кызматкерлери барып эскертүү беришкен. Бирок администратор эскертүүгө баш ийбестен, 4-июль күнү дагы той өткөргөндүгү үчүн 13 миң сом айып салынган. Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишин тергөөнүн алкагында тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн ресторанда тартылган тасма боюнча Марат Уралиев мыйзам чегинде суракка чакырылган. Бул учурда мыйзамдын талаптарына ылайык, сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде ар бир жагдай боюнча тактоо зарылчылыгы бар, ошондуктан бул жорукту саясий мүнөзгө айлантуунун кереги жок», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, тойкана тыюу салынганына карабай үч ирет той өткөргөн соң, 13 миң сом айып салынып, суусу жана электр жарыгы өчүрүлгөн.

Количество просмотров: 290