Бишкек 29.01.2019. Govori.TV.
Токмоктогу өткөрмө бекетинин жанында болгон окуя боюнча “Кактус Медиа” маалымат агенттигинин кабарчысы Марат Уралиев Токмокко суракка чакырылды.
Журналист Марат Уралиев, суракка чакыруу кагазы, 28-январда келгени тууралуу кабарлады. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов “Токмокко барбай эле кой” деп оозеки айтканы менен, журналисттин колунда чакыруу кагазы бар болгондуктан, барып келгенин туура көрдү.