• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Кактус Медиа» сайтынын кызматкерлери суракка алынды

1 Бирдин айы 2022 18:42 Бишкек Govori.TV

«Кактус Медиа» сайтынын редакторлору суракка чакырылды. Бул тууралуу басылманын негиздөөчүсү Дина Маслова 24.kg  агенттигине билдирген.

«Иш тууралуу биз кечээ расмий түрдө билдик. Редакциянын кызматкерлери суракка алынып, биз менен ачыкка чыгарбоо келишими түзүлгөн. Биз күбө катары өтүп жатабыз. Ушуну гана айта алам. Биз юристтер менен мындан аркы аракеттер боюнча сүйлөшүүлөрү жүргүзүудөбүз», — деген ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Количество просмотров: 143