• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Калаа башчысын шайлоого каршылык. Бишкекте каракчылар өрттөлөт

6 Баш оона 2018 10:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.

Бүгүн саат 11де Парк Отелде «Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгу» мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт.

Андан кийин жарандык активисттер Өкмөт үйүнүн айланасында (Орозбеков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши) Бишкек шаардык кеӊештин фракцияларынын жана мамлекеттик тил комиссиясынын сөлөкөттөрү түшүрүлгөн каракчыларды (чучело) өрттөшөт.

Активисттердин маалыматына караганда мындай аракет менен алар шаар мэрин жабык жана атаандашсыз шайлоого каршы чыгышууда. Маалыматтарга караганда эртеӊ жарандык активисттер бул багытта кол чогулта башташат.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августта өтөт. Ага атаандашсыз Азиз Суракматов катышып, мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынан өткөн.

Количество просмотров: 31