ишкектин Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы каралып жатат.
Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.
Ал 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.