• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мадумаров абакта калтырылды

13 Аяк оона 2023 18:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Сот имаратынын алдында саясатчынын тарапташтары чогулуп, нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Процессти чагылдырууга ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Эске салсак, Адахан Мадумаров 2-сентябрда милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлган.

Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган.

Количество просмотров: 853