• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши. Сот тыныгуу жарыялады

20 Жалган куран 2024 11:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-мартта Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр уланууда. Ал эми сот айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калгандыгынан улам саат 14:00гө чейин тыныгуу жарыялады.

Жактоочу Кантемир Турдалиевдин айтымында Кемпир-Абад иши боюнча айырталып камакта жаткандардын бүгүн бөгөт чарасы каралуусу керек.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 10 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Ишти Биринчи Май райондук соту 22-июндан тартып жабык карай баштаган. Айыпталуучулар сот жараяны ачык өтүшүн талап кылып келишет.

Количество просмотров: 97