• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мадумаровдун бөгөт чарасын кароо 13-ноябрга жылдырылды

31 Тогуздун айы 202316:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту ЖК депутаты Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын кароону 13-ноябрга жылдырды. Буга Мадумаровдун ооруканада экени себеп болгон.

Бүгүн сотто саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын өтүнүчү каралмак.

Мадумаров 26-октябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан Республикалык кардиология борборуна которулган болчу.

Ал эми анын кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Количество просмотров: 355