Бишкекте 37 жаштагы жарандын каза болушуна себепкер болгон деген негиз менен милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
9-августта саат 22:40та Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан имаратынын 3-кабатынан жаш жигит секирүүгө аракет кылып жатканы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери К.Б. менен Д.Т. барган. 30-35 жаштагы европалыктардай көрүнгөн жаранды көрүшкөн. И.С экени кийин аныкталган.
Ал милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган. Расмий маалыматка караганда, жаран Манас жана Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинен жогорудагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата физикалык күч колдонулган.
«Аталган милиция кызматкерлери жарандын жана ошол жердеги окуяга күбө болгондордун И.С.га дем жетпей, дем ала албай жатканын айтканына көңүл бурбай, аны моюн-жаак тарабынан катуу басып жатып алышкан. Катуу баскандын кесепетинен И.Сга дем жетпей ошол жерден каза болгон.
Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүнүн негизинде аныкталып, Бишкек ШИИБдин милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду», — деп маалымат берди Башкы прокуратура.