• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Камакка алынган Нурматов Тажикстандагы элчи кызматына көрсөтүлгөн

21 Аяк оона 2021 17:46 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка шектелип кармалган Кубанычбек Нурматовдун талапкерлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына парламенттик комитетте жактырылган. Маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Нурматовдун талапкерлиги 1-сентябрда каралып, колдоо тапкан жана тийиштүү чечим чыккан.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Кыргызстан» саясий партиясынын дагы бир мүчөсү Н.К. алдамчылык беренеси менен 20-сентябрда кармалган. УКМК тараткан маалыматка ылайык, экс-депутат 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеп турган чагында алдамчылык жолу менен 500 миң долларлык кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. Буга байланыштуу Нурматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 260