• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Камактагы активист Аслан Утепов ачкачылык жарыялады

22 Бугу 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Казакстанда юрист жана «Эл коррупцияга каршы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Аслан Утепов 21-майдан тарта «кургак» ачкачылык жарыялады. Ал буга өзүнө каршы козголгон кылмыш иши себеп болгонун билдирди.

«Расмий түрдө үч күн ачкачылык жарыялайм. Бул билдирүүнү эч кимдин басымысыз, өз эрким менен жасап жатам. Тергөө абагынын жетекчилигине эч кандай дооматым жок. Ачкачылык учурунда мени менен бир нерсе болсо Батыш Казакстан облусунун прокурорун, облустук соттун судьясын жана «трамодол падышасы» катары таанымал Николай Карповду күнөөлөөнү өтүнөм. Мага карата адилеттүү чечим чыгарына ишенбейм. Ошондуктан ачкачылык жарыялоого аргасыз болдум», – деп билдирди Утепов видеокайрылуусунда.

Ал Казакстандын башкы прокуроруна кайрылып, бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун өтүндү.

«Мага каршы «жасалма» кылмыш ишин козгоп, оозумду жапкылары келүүдө. Алар Орол шаарындагы мыйзамсыз иштерди айтпасын деп жатышат», – деди юрист.

Аслан Утепов — юрист, «Эл коррупцияга каршы» коомдук бирикмесинин жетекчиси жана «Трамадол» дарысын рецептсиз сатууга каршы чыгып жүргөн активисттердин бири. Ал жергиликтүү ишкерге акимчиликтен жер тилкесин алып берүүнү убадалап, андан акча алган деген шек менен 2022-жылы декабрдын аягында кармалган. Активист бул айыптоону четке кагып, бул полиция менен прокуратуранын чагымы экенин билдирип келет.

Количество просмотров: 62