• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Камактагы активист Мелис Аспеков кайрадан ооруканага которулду

25 Жетинин айы 2021 18:31 Бишкек Govori.TV

Камактагы активист Мелис Аспеков СИЗО-1 абагынан Улуттук кардиология борборуна которулду. Маалыматка ылайык, Аспеков жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн, учурда абалы салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда.

Эске салсак, ал буга чейин дагы СИЗО-1 абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Ал жактан жүрөк кан тамырларында көйгөй бар экени аныкталып, «Бикард» клиникасында дарыланган.

Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого айыпталып, кармалган.

Количество просмотров: 669