• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Камактагы блогер Ырыс Жекшеналиев ооруканага алынып келинди

22 Аяк оона 2022 12:14 Бишкек Govori.TV

Камактагы блогер, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев ооруканага алынып келинди. Бул тууралуу активист Эрлан Бекчоро уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн Ырыс ооруп жатканына байланыштуу ооруканага алып келишти. Башы, жүрөгү, белин текшертишти», — деп жазат ал.

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Бишкек шаардык соту 2-сентябрда Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун аны 14-октябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырган.

Активист эч кандай күнөөсү жок экенин билдирип келет.

Количество просмотров: 510