• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Камактагы Мадумаров дагы бир иш боюнча сурак бергени айтылды

23 Аяк оона 2023 19:58 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 23-сентябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө башкы башкармалыгында беш сааттай сурак бергенин адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

“Адахан Мадумаров “андан бери сегиз жыл өтүптүр. Мен эч нерсени билбейм. Биздин партия акча чогултпайт. Талапкерлерден акча чогултуу партиянын уставында да жок” деп айтты”, — деди Майрамбек Жумабеков.

ИИМ арыз менен Адахан Мадумаровдун суракка алынышы тууралуу маалымат бере элек.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Количество просмотров: 996