Баткендин Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы, Сапарали Бөрүбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирген.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди бүгүн, 19-мартта Баткен райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган.
«Баткен райондук сотунун тергөө судьясы Сапарали Бөрүбаевдин баш коргоо чарасын камакта кармоо түрүнөн үй камагына өзгөрттү. Мындай чечим Баткен облустук прокуратуранын сунушу менен болду. Баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү менен тергөө иштери улана берет», — деп билдирген жактоочу Асылбек Кунгуров.
Сапарали Бөрүбаевге карата Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен иш козголуп, 14-февралда милиция аны камакка алган. Лейлек райондук соту 15-февралда Бөрүбаевдин бөгөт чарасын карап, 14-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган эле.