• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Камактагы Тажыбек кызы сабалганын айтып чыкты. ЖАК эмне дейт?

6 Чын куран 2024 13:53 Бишкек Govori.TV


“Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызы учурда камалып турган тергөө абагында уруп-сабоого кабылганын айтып чыкты. Анын абактан жазган катын иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Маалыматта журналистти камералаштары менен чогуу Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери сабаганы жазылган.

Ал эми Жаза аткаруу кызматы Болот Темировдун маалыматын четке какты.

«Махабат Тажыбек отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу чечими чыккан. Бирок тиги аял «чыкпайм» деген. Махабат Тажибек кызы ага болушуп, Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине чогуу каршылык көрсөткөн. Эч кандай сабоо болгон эмес», — деп билдиришти аталган мекемеден.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин үчөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 354