Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулуна негизги кылмыш иши боюнча коюлган айып өзгөртүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Назик Ажымаматова билдирди.
Анын сөзүнө караганда, лингвистикалык экспертиза “Адыл Акжол уулунун сөзүндө массалык башаламандыкка чакырык жок” деп чыккан.
Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен тагылган айып “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренесинин 2-бөлүгү “Чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же болбосо башкача эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, ошого тете адамдын кызмат абалынан пайдалануу менен жасоосу” деген кинеге алмаштырылды.
Журналисттин иши 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өтүп, баштапка соттук угуу 19-ноябрга дайындалды. Адыл Акжол уулунун камакта мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды.