• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Камактагы Дамирбек Асылбек уулу дарылануу үчүн медициналык бөлүмгө которулду

6 Жалган куран 2018 19:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.03.2018. Govori.TV.
Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу панкреатит дартынан улам медициналык бөлүмгө которулганын Кыргызстандын Акыйкатчы институту билдирди.
Ага ылайык, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин Казакстандын Башкы прокуратурасына жиберген сурамына жооп келип, анда кыргызстандыктар учурда Алматы шаарындагы кылмыш-аткаруу департаментинин ЛА-155/1 мекемесинде кармалып жатканы айтылган.
КР жарандары кармоо жайына келери менен тийиштүү медициналык кароодон өтүп, саламаттыгы такай көзөмөлдө турат.
«Казак прокуратурасынын өкүлдөрү медициналык документтерди карап, өнөкөт панкреатит дартынан улам Дамирбек Асылбек уулунун медициналык бөлүмгө которулганын маалымдашты. Ал эми Чыңгыз Абакиров менен Улан Мурадилов саламаттыгына арызданган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Количество просмотров: 28