• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

КамАЗдын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, турак үйдү сүздү

29 Жетинин айы 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 28-ноябрда Бишкек–Ош унаа жолунун 77-чакырымында КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, турак үйдү сүзгөн. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен унаанын 40 жаштагы Х.А.В. аттуу айдоочусу жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 506