• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Камбаралы кызы: Негизги максатым айыл жергесиндеги көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу

19 Бирдин айы 2023 13:46 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бир 37 жаштагы Камбаралы кызы Гулназ, ал Жалал-Абад облусунун Ооган-Талаа айылынан келген.

«Мен Жамааттык медиасынын кабарчысы болом. Негизги максатым айыл жергесиндеги көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу жана аны жергиликтүү кеңешке же башка жогорку жетекчиликке жеткирүү. Бул жакка келүүмдүн негизги максаты аялдардын укуктары, алардын гендердик сезимталдыгын ойготуу болду. Айымдар менен иш алып барууда айылдагы аялдардын гендердик тең укуктуулугу жоктугун, алар ошо өзүнүн укуктуулугун билбегени мени түйшөлттү», — дейт ал.

Количество просмотров: 65