• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камчы Көлбаев башка абакка которулду

5 Жетинин айы 202015:30 Бишкек Govori.TV

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал УКМКнын абагынан 2-ноябрда которулган.

«Учурда Көлбаевге байланыштуу кылмыш ишти тергөө улантылып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Көлбаев 22-октябрда Бишкек шаарында кармалып, УКМКнын абагына камакка алынган. Бишкек шаардык соту 3-ноябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө даттанууну кароону токтоткон. Көлбаевдин жактоочулары апелляциялык даттанууну кайтарып алышкан.

Количество просмотров: 216