• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК «Капитал Групп» компаниясынын ээсине издөө жарыялады

12 Жалган куран 2024 13:17 Бишкек Govori.TV

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган орусиялык ишкер, «Капитал Групп» компаниясынын ээси Тё Павел Владимировичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө таянсак, УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген РФнын ири ишкерлеринин бири Тё Павел Владимирович (криминалдык чөйрөдө «Паша Кореец» катары белгилүү) тарабынан «мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, П.Тё Кыргызстандын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында крим чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен, атап айтканда, «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу менен, ошондой эле КР аймагында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө К. Асанбектин «өкүл атасы» катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн.

Ошол эле учурда П.Тё Камчы Асанбектин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага КР аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн.

Мындан тышкары, П.Тёге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланган.

Азыркы учурда Т.П.В.га карата эл аралык издөө жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 166